27-май – Кыргызстанда китепканалар күнү

Бүгүн, 27-май күнү, Өлкөбүздө китепканалар күнү. Алгачкы жолу бул майрамды 2009-жылы 2,5 миңден ашуун китепканачылар белгилешкен.

Аталган дата 1902-жылы 27-майда Кыргызстандагы биринчи коомдук китепкананын ачылыш күнүнө карата белгиленди.

Бүгүнкү күндө республикада миңден ашуун китепканалар иштейт. Кыргызстанда жыл сайын 1 миллиондон ашуун окурмандар китепкананын кызматы менен пайдаланышат.

Өлкөнүн китепкана фонду 19 миллиондон ашык китепкана бөлүмдөрүн түзөт, алардын 79 пайызы орус тилинде, 19 пайызы кыргыз тилинде, 2 пайызы башка тилдерде.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.