27-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызгидрометтин билдирүүсү боюнча, түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы төмөнкүдөй:

Чүй облусу
түнкүсүн + 20 + 25
күндүз + 33 + 38

Талас облусу
түнкүсүн + 17 + 22
күндүз + 31 + 36

Баткен облусу
түнкүсүн + 21 + 26
күндүз + 34 + 39

Ош, Жалал-Абад облустарында
түнкүсүн + 21 + 26
күндүз + 34 + 39

Ысык-Көл облусу
түнкүсүн + 13 + 18
күндүз + 29 + 34

Нарын облусу
түнкүсүн + 9 + 14
күндүз + 29 + 34

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы + 22 + 24, күндүзгү жогорку температурасы + 36 + 38.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.