27-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Эртең, 27-августта түнкү жана күңдүзгү убакыттарда кээ бир аймактарда кыска мөөнөттү жаан жаап, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыштан жел согуп турат. Анын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Абанын температурасы төмөндөгүдөй божомолдонууда:

  • Чүй облусунда түнкүсүн +16 +21, күндүз +28 +33;
  • Талас жергесинде түнкүсүн +10 +15, күндүз +26 +31;
  • Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн +17 +22, күндүз +31 +36;
  • Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9 +14, күндүз +21 +26;
  • Нарын облусунда түнкүсүн +5 +10, күндүз +21 +26;
  • Бишкекте абанын температурасы түнкүсүн +19 +21, күндүз +31 +33 градус болот.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.