26 жаран коронавирусту кайдан жуктургандыгы айтылды

COVID-19 вирусун жуктуруп алганы катталган 26 жаӊы учурдун ичинен: 14 киши Сауд Арабиясынан кичи ажылыктан келишкен, калгандары – алар менен байланышта болгондор.

Жаӊы аныкталган 26 учур төмөндөгү район-шаарлардын аймактарында аныкталган:

Сузак районунда – 9

Ала-Бука районунда – 2

Ош шаарында – 1

Кара-Суу районунда – 8

Ноокат районунда – 6

Бардыгы болуп Ош облусунда – 15 учур жана Жалал-Абад облусунда – 11 учур.

Коронавирус жуктурган 26 жаран кайсы аймактан экендиги айтылды

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген