26-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Эртең, өлкөдө күн ачык болот. Күндүзү Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кыска мөөнөттү жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Абанын температурасы төмөнкүдөй:

  • Чүй облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +30…+35,
  • Талас облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +28…+33,
  • Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +30…+35,
  • Ысык-Көлдө түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27,
  • Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +24…+29,
  • Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын көрсөткүчү түнкүсүн +17…+19, күндүзү +33…+35 градус жылуу болот.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.