26-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Эртең, 26-августта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир аймактарында, Нарын облустарынын кээ бир жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоолорунда кыска мөөнөттү жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Абанын температурасы төмөндөгүдөй:

  • Чүй облусунда түнкүсүн +15 +20, күндүз +30 +35;
  • Талас жергесинде түнкүсүн +11 +16, күндүз +27 +32;
  • Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн +15 +20, күндүз +31 +36;
  • Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9 +14, күндүз +23 +28;
  • Нарын облусунда түнкүсүн +4 +9, күндүз +21 +26;
  • Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +18 +20, күндүз +33 +35 градус болот.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.