Үч эм+эки жуп эгиз. Жалаң эгиздер төрөлгөн Тумановдордун үй-бүлөсү

8 жаштагы эгиздер Айзат& Бегзат, 6 жаштагы Айжан&Байжан жана 2 жашка толоюн деп калган үч эмдер – Асан, Үсөн жана Батма. Булардын баары бир үй-бүлөнүн балдары. Кара-Суунун Төлөйкөн айылында мына ушундай өзгөчө үй-бүлө бар. “Ынтымак” жалаң эгиздерди тарбиялаган ата-эне менен маектешип келди.

Жаш үй-бүлөнүн босогосун аттаганда эле окшош балдар алдыбыздан тосуп чыгышты: Алар үч эмдер Асан, Үсөн, Батма экен. Биринен-бири айырмаланбаган бөбөктөрүн  6 жаштагы эгиз түйгөйлөр  Айжан менен Байжан тааныштырып жатты. Ызылдаган наристелер менен таанышып, кобурашып олтурсак, мектептен Айзат менен Бегзат да келип калды. Чындыгында жетөө тең куюп койгондой окшош…

Асан, Үсөн жана Батма.

Айжан жана Байжан үч эм бөбөктөрү менен.

Эгезидердин атасы Ниязбек Туманов 35, апасы Элмира Сулайманкулова 32 жашта. Жубайлар балдар менен алышып, кантип кеч кирип, таң атып жатканын деле байкабай калат.  Учурда үч эмди чоң энеси каралашып жатат.  Балдар чоң эненин жомогун угуп жатканда гана тынч отуруп калбаса, шоктугу баарын түк чарчатат. Чоң энеси балдардын оюндагысын аткарып, ырдап, неберелерин бийлетип, кубандырганынан ырахат алат.

“Булар бири ооруса, үчөө тең сыркоолойт. Ошондуктан, оорутпай караганга аркет кылабыз. Кудайга шүгүр, жакшы чоңоюп жатышат. Аябай назик болушкандыктан көпчүлүк бар жерге алып чыкпайбыз. Азырынча үйдө атасы, апасы болуп чоңойтуп жатабыз. 7 неберем аябай ынтымактуу. Бирине бир нерсе берсең, “Асанга дагы, Батмага дагы” деп колун сунат. Базардан кандай нерсе албайын баарына бирдей албасам болбойт”, -деди чоң энеси Мисират Шакирбаева.

Эгиздердин апасы Элмира эженин күнү эң чоң уул-кызы Айзат менен Бегзатты мектепке жөнөтүү менен башталат. Андан кийин калганы бир-бирден уйкудан турат. Балдарды кароо менен гана алек болгон жаш эне бир күндүк графигин мындайча айтып берди.

“Чоңдоруму мектепке жөнөткөндөн кийин калганына тамак берем. Идиш-аяк жууп, эки жакты жыйнагыча эле түш болот, түшкү тамак даярдоо керек. Түштөнгөндөн кийин баарын уктатып коюп, ойгонгуча кир жууп алам. Ошентип, кечки тамак даярдаш керек болот, анан кантип кеч кирип, таң атып атканын билбей деле калам. Үч эмдерибиз азыр аябай шок маалы болгондуктан ушулардан бошобойм. Мектепке барган балдарыма атасы көп карайт, сабакты чогуу аткарышат”.

30 жашында 7 баланын энеси болгон Элмира Сулайманкулова 23 жашында турмушка чыккан. Ал үчүн үч эмди кароо анчейин кыйынчылык туудурган жок. Эгиз балдарды карап көнүп калгамын дейт ал.

“Кудайым дагы жоош кылып берди окшойт. Ымыркайлар анча ыйлаак болбоду. Буга чейин да жалаң эгиз төрөгөнүм үчүнбү бул үчөөнү карагандан кыйналган жокпуз. Оорутпай жакшы карайын деп бардык убактымды ушуларга бөлөм. Кайненеме да жакшы көнүшөт, чоң кызым Айзат да бала караганга жарап калган”, – деди Элмира Сулайманкулова.


Окшошкон эгиздердин мүнөзү да бирдей дейт апасы. Бири шоктонсо, баары ызылдап кирет… Кыскасы, бөбөктөр бири-бирин туурап, бирине-бири атаандашып тентектик жасай берет экен.

Экинчи класста окуган Айзат менен Бегзат болсо бөбөктөрү уктамайынча сабак карай алышпайт. Ошондуктан, уктоочу керебеттин экинчи кабатын сабак кароочу жайга айлантып алышкан. Бөбөктөр ушул жерге гана жете албайт. Бир канча жолу китеп, дептерлери жыртылып ыйлаган Айзат менен Бегзат мына ушинтип гана  үч эмден оолак боло алышат.

Ал тургай тамакты да кезек менен ичкенге үйрөнүшкөн. Антпесе, Асан, Үсөн, Батмадан идиш деле калчуудай эмес.

“Тамакты туруп жейбиз. Дастаркон салдырышпайт. Үчөө үч жактан чачып, идиштерди талкалайт. Ошон үчүн столдо тик туруп эле тамакты шашып ичем дагы балдарды мен ойнотуп турам, Айзат менен апам же чоң энем тамактанат. Ушинтип, ким биринчи тойсо, туруп кете беребиз, кийнкиси келе берет”, – деди Бегзат Жеңишбеков.

Эң кызыгы- биз Асанга Үсөн деп кайрылып, Айжанды, Айзат деп жаңылышып эле жаттык. Ата-энесинде мындай учур таптакыр болбойт экен.

Асан менен Үсөн шоктугун бизге да көрсөтүүгө жетишти.

Төрт уул, үч кыздын атасы Ниязбек Туманов көп балалуу экенин айтып, коомчулукка милдет кылгысы келбейт. Бирок мамлекеттен дээрлик жардам болбоптур. Үч эм төрөгөндөргө үй берилип келатканын угуп  жүргөн Туманов ушул кезге чейин, жадагалса, чек ала албай жатканын айтты. Эки жуп эгиздерине, үч эм баласына эл катары эле жөлөк пул алат.

“Кудайга шүгүр, колдон келишинче балдарымы жакшы багып атабыз. Үй бергиле же мынанча сүйүнчү бергиле деп эч кимге деле милдет кылгым келбейт. Бирок башка үч эмдерге үй берип жатса, бизге эмнеге жок деп ойлонуп калабыз. Кыргызстанда жалаң эгиз балалуу болгон үй-бүлө бизден башка жок деле болуш керек. Мамлекеттин эсебинен эл катары алган жөлөк пул гана бар. Үч эм төрөлгөндө Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн эсебинен 3 миң сом сүйүнчү гана берилген. Андан башка эч ким куттуктап барган деле жок”.

Көп балалуу жаш үй-бүлө азыр эки бөлмөлүү үйдө жашап жатат. Атанын максаты – балдарын оорутпай, курсагын ток, кийимин бүтүн кылып чоңойтуу.

Сүрөт: Заир Абдукеримов.

Материал жана сүрөттөр авторлордун уруксатысыз алынбасын!

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген