25 жылдан бери кир сууну тамак-ашка колдонгон жарандар. Видео

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Жүзүм Бак конушу негизделгенден бери таза суу тартылган эмес. Учурда аймактагы 60тан ашуун түтүн арыктагы суудан пайдаланышат.

Аталган конушка калк 1995-жылдан тартып отурукташа баштаган. Ушул убакытка чейин суу түтүктөрү орнотулган эмес.

Жакынкы аралыкта жазгы талаа иштерине байланыштуу канал тазаланып, агын сууга убактылуу чектөө киргизилет. Айыл тургундары ичүүчү сууну 2 чакырым алыстан ташууга аргасыз.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген