25 жаштагы курулушчунун өлүмүнө ким жооп берет?

Ош шаарында 25 жаштагы курулуш кызматкери жумуш учурунда 8- кабаттан кулап каза болду. Жаңы  тургузулуп жаткан “Нурзаман” турак-жай комплексинде коопсуздук эрежелери каралбагандыгын айтып, Ош шаардык экотехинспекциясы эскертүү берген. Бирок коопсуздук чараларын көрбөгөн компания ишин улантып келген. Учурда тиешелүү кызматтар тарабынан иликтөө иштери башталды.

Каза болгон Майсалбек Кадырбай уулу 2 жылдан бери курулуш тармагында иштеп келген. Маркумдун туугандарынын айтуусунда Майсалбек  ушул жылы турмуш курууга даярданып, катуу иштеп жаткан болчу.

“Иним өтө эле жаш кетти. Быйыл бир башын эки кылалы деп, үйлөнтөлү деп жатканбыз. Эми бул бизнесмендерге сабак болсо экен”,- деди маркумдун эжеси.

Майсалбек Нурзаман турак- жай комплексине ишке орношконуна 2 ай гана болгон. Маркумдун кырсыкка кабылуусунун негизги себеби катары жаңы курулушта коопсуздук эрежелери каралган эместиги айтылууда.

“Ал жерде шыбакчылар иштейт, кыш ургандар иштейт. Иш учурунда кичинекей эле жыгач түшүп кетсе болду, ылдыйды жүргөн адам өлөт. Ошол үчүн коопсуздук эрежелерин сакташы керек болчу”,- дейт Майсалбектин агасы Нурали Жолдошев.

Ош шаардык экотехинспекциясы курулуш компанияга кырсык боло электе эле ишти убактылуу токтотуп туруусун эскерткен. Анткени аталган жерде коопсуздук эрежелери толук сакталбай, компаниянын документалдык иштеринде да кемчиликтер болгон.

Кырсык болгон жаңы курулуш Ош шаарындагы Юрий Гагарин көчөсүндөгү “Нурзаман” турак-жай комплексинде жайгашкан. Бул ишти Ош шаардык ички иштер башкармалыгы кокустук деп баалап, кылмыш ишин козгогон жок. Эгер тиешелүү кызматтардын корутундусу менен курулушта кемчилдиктер аныкталса, компания ээсине кылмыш иши козголушу мүмкүн дешет тартип сакчылары.

https://www.youtube.com/watch?v=7h82nCac31o

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген