25-январда кандай окуялар болгон?

1959-жылы 25-январда “Достук” ансамблинин солисти Султан Каримов туулган. Аны алгач өздүк көркөм чыгармачылык концерттердин биринде Чоро Кожомжаров байкап, ансамблге солист катары чакырган. Кийин Чоро Кожомжаровдон кеткен соң “Ариет” жана башка топтордо ырдап, Европа, Азия, Африкадагы 27ден ашык өлкөлөрдү кыдырып келген. Султан Каримов көтпөгөн сынак, фестивалдарга катышып, байгелүү орундарга ээ болду. Мисалга алсак, 2002-жылы Кореяда өткөн эл аралык фестивалда күмүш кубокко арзыган. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти. 

 2014-жылы 25-январда  Каныбек Осмоналиевге I даражадагы Манас ордени ыйгарылган. 2013-Иштерман жылында артыкчылык көрсөткөн кызматкерлерге мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу салтанаты болуп өткөн. Салтанаттын жүрүшүндө оор атлетика боюнча 1980-жылы  Москвада өткөн олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев спорттун өнүгүшүнө жана келечек муунду тарбиялоого салым кошкондугу үчүн I даражадагы Манас ордени менен сыйланган.

1783-жылы америкалык жеке ишкер Уильям Колгейт төрөлгөн. Америкалык жеке ишкер, “Colgate-Palmolive” компаниясынын негиздөөчүсү Уильям Колгейт Улуу Британиянын Кент графтыгындагы Холлингборн шаарында Роберт Колгейт аттуу фермер жана саясатчынын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Атасынын саясий көз караштарынан улам анын үй-бүлөсү АКШга көчүп кетүүгө мажбур болгон. 1806-жылы Уильям Колгейт Манхэттенде “William Colgate & Company” аттуу компанияны негиздеп, ал компания азыркы күнгө чейин жигердүү иш алып барып келет.

1905-жылы ушул датада түштүк африкада эң чоң алмаз – “Куллинан” табылган. 3106,75 караттан турган эң чоң алмаз түштүк африкада “Premier Mine” шахтасында табылган. Адистердин божомолдоруна караганда, ал чоң кристаллдын сыныгы болгон. Табылган алмаз кендин кожоюну деп эсептелген Томас Куллинандын атынан “Куллинан” деп аталып калган.

1980-жылдын 25-январында испаниялык футболчу Хави Эрнандес туулган. Ал “Барселонанын” курамындаУЕФАнын чемпиондор лигасын үч ирет жеңген жана Испаниянын алты жолку чемпиону. Улуттук курама менен 2 ирет Европа чемпиондугун жана бир ирет дүйнө чемпиондугун жеңген. Ошондой эле Олимпиада оюндарында күмүш медалга ээ болгон.

1981-жылы америкалык ырчы, пианист, акын жана композитор Алиша Киз туулган. Ырчы 16 жашында Колумбия университетине тапшырып, эки аптадан кийин ырчылык карьерасы үчүн окуусун таштаган. Ритм-энд-блюз, соул жана неосоул стилдеринде ырдаган Алиша Киз көптөгөн сыйлыктардын ээси. Мисалга алсак, “American Music Awards” сыйлыгына 5 жолу татыса, “BillboardMusicAwards” сыйлыгына 10 жолу жеткен, “MTV VideoMusicAwards” сыйлыгынын 4 жолку ээси ж.б. Андан сырткары ал 14 “Грэммини” өз капчыгына салган.

Булак: Супер-инфо, calend.ru

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген