27-ноябрь-“Черная Пятница”. Бул күн тууралуу эмне билесиз?

“Черная Пятница!” Көзүңүзгө жылуу учурап жатабы? Албетте. Анткени бул жазууну сиз акыркы учурда социалдык тармактардан байма-бай жолуктуруудасыз. “Черная Пятница” деген деги эмне? Эмнеге эле кийим, буюм дүкөндөрү бул сөздү жарнамалап жатышат? 

“Черная Пятница”- дүйнөнүн айрым жашоочулары бир жыл бою зарыгып күткөн арзандатуу күнү. Анткени алар кыялданып, бирок каражаттын аздыгынан жете албай келген кийим, тиричилик техникаларын же башка буюмдарын дал ушул күнү сатып ала алышат.

“Черная Пятница”- АКШдагы “Ыраазычылык билдирүү күнүнөн” кийин белгиленүүчү жума күн. Деген менен көпчүлүккө жаккан бул күн акырындык менен тамыр жайып олтуруп, Кыргызстанга да кирип келген. Демек, англисче “Black Friday”, орусча “Черная Пятница” күнүн “Арзан сатуу күнү” деп атап коюуга эмнеге болбосун?

2020-жылдагы “Арзан сатуу күнү” 27-ноябрга туура келди. Ушул күндөн тарта дүкөндөрдө жаңы жылдык арзандатуулар башталат.

Товарларды арзан сатуу салты АКШда XIX кылымда эле пайда болсо, «Чёрная пятница» термини 1966-жылы колдонула баштаган.

“Арзан сатуу күнү” атайын майрам болуп эсептелбейт. Бирок бул күну Европа өлкөлөрүндөгү мамлекеттик жана менчик мекемелердин кызматкерлери жумуштарынан эс алуу алып, дүкөндөрдү көздөй агылышат. Бул күнү дүкөндөр эрте мененки 5те ачылса, айрым соода борборлор түн жарымында ишин баштайт. Соода түйүндөргө эң биринчиден болуп баш баккан сатып алуучуларга 50-80% арзандатуулар болот, муну менен дүкөн ээлери көп кардар тартууну максат кылышат.

“Черная Пятницада” эң көп арзандатуулар эмнелерге болот?

1. Электрондук жана тиричилик техникалары. Чоң соода борборлордо аталган техникалар 60-70%га чейинки арзандатуулар менен сатылат;

2. Кийим-кечелерге да бул күнү жакшы арзандатуулар жүрөт;

3. Ошондой эле косметикалык каражаттарга, оюнчуктарга жана башка буюм-тайымдарга арзандатуулар жүрөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген