25-марттан тарта өзгөчө абал тартиби киргизиле турган аймактар айтылды. Тизме

25-марттан тарта Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондоруна Өзгөчө абал тартиби киргизилет. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү жана алдын алуу максатында уюшулган Республикалык штабдан билдиришти.

Өзгөчө абал кризистик учурларда киргизилет. Мындан тышкары, өзгөчө чараларды көрүүгө муктаждык жаралган учурда жарыяланат.

22-марттан тарта жалпы өлкө аймагына өзгөчө кырдаал киргизилген.

Ош шаарында такси кызматтары ишин токтотот

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген