25-майга карата өлкө боюнча аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызгидрометтин синоптиктеринин маалыматы боюнча, эртең, 25-майда түнкүсүн Ош, Ысык-Көл облустарынын тоолуу аймактарында жамгыр, бийик тоолорго кар жаайт. Күндүз Баткен, Талас облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын тоолуу жерлеринде жаан-чачын күтүлөт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Аймактардагы абанын температурасы төмөнкүдөй:

  • Баткен, Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +30…+35,
  • Талас жергесинде түнкүсүн +11…+16, күндүз +28…+32,
  • Ысык-Көл калаасында түнкүсүн +9…+14, күндүз +23…+28,
  • Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +23..+.28,
  • Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3…+2, күндүз +9…+14 градус.
  • Бишкекте түнкүсүн +16…+18, күндүз +32…+34 градус болот.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.