25 кыргызстандык Венгрияда акысыз билим ала алат. Стипендиялык программанын шарттары кандай?

Stipendium Hungaricum стипендиялык программасы 2018-2019-окуу жылына документтерди кабыл ала баштады. Венгриянын ЖОЖдорунан англис тилинде билим алуу үчүн аталган өлкөнүн Билим берүү министрлиги тарабынан Кыргызстанга 25 орун бөлүнүп берилген (бакалавриат, магистратура, докторантура).

Кыргызстандыктар төмөнкү багыттар боюнча билим ала алышат:

-бакалавриат программасына тапшыруу үчүн: айыл чарба, коомдук илимдер, маалымат технологиялары, экономика, инженерия, табигый илимдер, спорт жана мамлекеттик саясат.

-магистратурага тапшыра тургандар үчүн: айыл чарба, коомдук илимдер, маалымат технологиялары, экономика, инженерия, табигый илимдер, спорт жана мамлекеттик саясат.

-докторантура үчүн: бардык багыттар.

Венгрия тарабынан каралган шарттар:

-бекер окуу;

-бакалавриат жана магистратуранын студенттери үчүн ар бир айда төлөнүүчү 130, ал эми докторанттар үчүн 450 евро өлчөмүндөгү стипендия;

-жашаган жер үчүн төлөнүүчү 130 евро;

-медициналык камсыздандыруу;

Талаптар:

-программага катышуу үчүн сөзсүз түрдө apply.stipendiumhungaricum.hu сайтына катталып, андагы анкетаны толтургандан кийин талап кылынган бардык документтерди жүктөө керек. Керектүү документтердин бири эле жок болсо, арыз эсепке алынбайт.

-Венгрия тараптын талабына ылайык, конкурска катышып жаткан адам 18 жашка толгон болушу керек.

Окууга тандоо үч тур менен өткөрүлөт:

1.Талапкерлерди каттоо Темпус коомдук фондунун Stipendium Hungaricum программасынын атайын сайтында онлайн режиминде 2018-жылдын 16-февралына чейин жүргүзүлөт. Февраль айынын экинчи жарымында Темпус коомдук фонду арыздардын негизинде КРнын Билим берүү жана илим министрлигине талапкерлердин тизмесин жөнөтөт. Темпустан келген тизме аталган министрликтин сайтына жайгаштырылат.

  1. 2018-жылдын 1-мартына чейин катышуучулардын документтери кагаз түрүндө КРнын Билим берүү жана илим министрлигине жеткирилиши керек.

Талап кылынган документтердин тизмеси:

-катышуучунун анкетасы;

-жалпы жарандык паспорттун көчүрмөсү(же ID);

-билим берүү мекемеси тарабынан берилген мүнөздөмө(жетишкендиктер тууралуу);

-англис тилин билгендигин тастыктоочу сертификат(тар);

-ийгиликтүү каттодон өткөндүгү жөнүндө ырастама;

-үй-бүлө мүчөлөрүнүн курамы тууралуу маалым кат;

-сертификаттар, дипломдор, ардак баракчалары, статьялар, илимий басылмалар(магистранттар жана докторанттар үчүн) жана башка жетишкендиктер тууралуу документтер.

Документтер төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Кыргыз Республикасы, 720040, Бишкек шаары, Касым Тыныстанов көчөсү-257, 220-каана (эл аралык кызматташуу бөлүмү). Байланыш телефону: 0 (312) 62 15 19.

  1. Айтылган талаптарды толук аткарган катышуучулар төмөнкү турларга катыша алышат:

1.Бакалавриат программасы үчүн: тест (студенттин тандап алган кесибинин негизинде) жана англис тилинде эссе.

2.Магистирдик жана доктордук программалар үчүн: англис тилинде эссе жана ооз эки баарлашуу.

3.Үчүнчү тур Венгрияда онлайн режиминде өтөт.

Талапкерлерди тандоонун акыркы чечимин Темпус коомдук фонду кабыл алып, жыйынтык КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин сайтына жайгаштырылат.

Керектүү маалыматтар үчүн шилтемелер:

www.stipendiumhungaricum.hu

Онлайн-катталуунун дареги: apply.stipendiumhungaricum.hu

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген