24 жаштагы Базар- Коргондун тургуну сууга чөгүп каза болду

Базар-Коргон районунда 24 жаштагы тургун сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

8-июль күнү саат 14:18де Акман айыл аймагынын 1994-жылкы тургуну Кайырма көлүнө чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшүп, №78 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары куткарууга барышкан.

Куткаруучулар саат 15:00дор чамасында суудан маркумдун жансыз денесин чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген