24-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Эртең, 24-сентябрда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Абанын температурасы төмөндөгүдөй:

  • Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +5 +10, күндүз +22 +27;
  • Талас облусунда түнкүсүн +3 +8, күндүз +20 +25;
  • Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында ​түнкүсүн +10 +15, күндүз +26 +31;
  • Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6 +11, күндүз +20 +25;
  • Нарын облусунда түнкүсүн +2 +7, күндүз +20 +25;
  • Бишкекте  абанын температурасы түнкүсүн +8 +10, күндүз +24 +26 градус болот.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.