24-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Эртең, 24-август күнү өлкөнүн тоолуу райондорунда түнкүсүн, мезгил -мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, дыйканчылык аймагында жаан -чачын болбойт. Күндүз кээ бир райондордо мезгил -мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м / с түзөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Аймактардагы абанын температурасы төмөнкүдөй:

  • Чүй облусунда түнкүсүн +13 +17, күндүз +22 +27;
  • Талас облусунда түнкүсүн +7 +12, күндүз +27 +29;
  • Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +18 +23, күндүз +32 +34;
  • Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9 +12, күндүз +23 +25;
  • Нарын облусунда түнкүсүн +3 +7, күндүз +22 +24 градус ысык болот.
  • Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +15 +18, күндүз +30 +32.

Мындан сырткары, 24-августтан 25-августка чейин Ысык-Көл жана Нарын облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.