238 адам Кыргызстандын жарандыгынан чыгарылат. Жарлыкка президент кол койду

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыгынан чыгуу жөнүндө 4 Жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, Президенттин үч Жарлыгы менен 973 адам (771 чоң адам жана 202 бала) Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алынат. Алардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.

Ал эми Кыргызстандын жарандыгынан 238 адам (186 чоң адам жана 52 бала) чыгарылат.

Өлкө башчы: Мени эч ким коррупцияга аралашкан деп айыптай албайт

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген