Сүт бизнеси: акты сатып, байыса болобу?

Сүт азыктары ден соолукка пайдалуу болгон үчүн суроо-талап ар дайым жогору. Сүттү жаш-кары дебей баары ичет. Быштак, каймак, сыр, айран ж.б сүт азыктарын ар бир үй-бүлө күнүмдүк тиричиликке сөзсүз колдонот. Керектөөнүн өскөнүнө байланыштуу сүт бизнеси  башка ишкерликке салыштырмалуу алдыда. 

Акыркы 5 жыл аралыгында Кыргызстанда сүттү кайра иштетүүчү кичи цехтер ишмердүүлүгүн жандантты. Атаандаштык күчөп бараткандыктан, сапатка да көңүл буруу жолго коюла баштады. Ал жаатта технологдор чет жактардан тажрыйбаларын арттырып келишүүдө.

Өзүбүздөгү өндүрүлгөн сүт азыктары өлкөнү бүт камсыздоого жетиштүү. Ал тургай чет өлкөлөргө сатыкка чыгып жатат. Айрыкча Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгон соң  эскпортко жол ачылды.

Сүттү күнүмдүк жашооңузда  колдонгондон сырткары, андан дагы кандай  жол менен пайда таап көрүүнү ойлондуңуз беле? Бул азыкты кайра иштетүүчү кичи заводду кантип ишке салса болот? Дүкөндөрдө таңгакталып тизилип турган сүт, каймак, быштак жана башка азыктар кандай даярдалат? “Бизнес башта” программасынан көрүңүз.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.