23-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Эртең, 23-сентябрда Ысык-Көл облусунун айрым аймактарында жаан, тоолуу аймактарында кар жаашы мүмкүн. Өлкөнүн калган аймактарында жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Абанын температурасы төмөнкүдөй:

  • Чүй облусунда түнкүсүн +5 +10, күндүз +22 +27;
  • Талас облусунда түнкүсүн +4  +9, күндүз +20  +25;
  • Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10  +15, күндүз +26  +31;
  • Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6  +11, күндүз +20  +25;
  • Нарын облусунда түнкүсүн +2  +7, күндүз +20  +25 градус жылуу болот.
  • Бишкекте  түнкүсүн +8  +10, күндүз +25  +27 градус ысык болот.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.