227 адам Кыргызстандын жарандыгына кабыл алынды

Президент Садыр Жапаров, жарандык маселелер боюнча комиссиянын сунуштарынын негизинде, Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыгынан чыгуу жөнүндө Жарлыктарга кол койду.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Кыргыз жарандыгын алган 227 кишинин 179у чоңдор болсо, 48и балдар. Алардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.

Ал эми 180 киши (150 – чоңдор жана 30 бала) өлкө жарандыгынан чыгарылды. Келтирилген өтүнүчтөр – 407 кишиге (329 – чоңдор жана 78 бала).

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.