222-кварталда суу менен жол элди түйшөлттү

Ош шаарындагы 222-кварталда таза суу жана жолдун абалы элди түйшүкө салды. Себеби кварталдын негизделгенине 10 жылдын жүзү болсо да, таза суу чыгарылып, жолу оңдолгон эмес. Бул маселелерди чечип берүү боюнча тургундар жыл сайын шаардык бийилке кайрылышканы менен көңүл бурулбастыгын билдиришет.

Кварталда 100гө жакын кожолук бар. Булардын айрымдары ичүүчү сууну автоунаасы менен ташып ичсе, калганы арыктагы сууну пайдаланууга аргасыз. Анан жамгыр жааган күндөрү болгон идиштерине толутуруп алууга шашышат экен. Жергиликтүү тургун Рыскан Көчкөнбаеванын билдиришинче, кээде арыктагы суу дагы  токтоп калат. Мындайда такыр суу жок калышат.

222-кварталда суу маселеси эле эмес жолдордун абалы дагы начар. Он жылдан бери тегизделип, шагыл да төгүлбөптүр.  Айрыкча жамгыр жааган күндөрү жолдун абалынын начарлыгы элди түйшүкө салат. Себеби көчө ылай баткакка айланып, басууга мүмкүн болбой калат экен. Ошондуктан жергиликтүү тургундар мүмкүнчүлүгүнүн барынча, каражаттын жетишинче аз-аздан шагыл төктүрүп алышкан.

Жергиликтүү бийлик бул маселелер ушул айда чечилээрин кабарлашты. Тагыраагы, жолдор тегизделип,шагыл төгүлмөй болууда. Ал эми таза суу чыгаруу үчүн резервуар курулуп бүткөн. Эми көчөлөрүнүн кире беришине чейин түтүктөр тартылса, эл суу менен камсыз болот.

 

 

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген