22-май күнү Ош жана Баткен облустарынын айрым аймактарында жарык өчүрүлөт. Тизме

«Ошэлектр» ААК ишканасы 2020-2021-жылдын кыш мезгилине даярдык көрүү үчүн оңдоо иштерин жүргүзүүнгү улантууда. Ага ылайык, өлкөнүн айрым аймактарында 22- май күнү саат 8-00 дөн 17-00го чейин электр энергия убактылуу үзгүлтүккө учурайт.

Кайсы аймактарда жарык өчүрүлөт?

– Кызыл-Кыя шаарына караштуу Караван айылы

– Баткен шаары жана Кара-Булак, Чет-булак, Түлкү-Таш, Тура-Таш, Бужум, Телевышка айылдарында

– Өзгөн районунун Кароол, Куршаб айылдарында.

– Ноокат районунун Найман, Көк-Жар, Кулатов айыл өкмөттөрүндө

Оңдоо иштери жергиликтүү бийлик менен макулдашылып жүргүзүлүүдө, ошондой эле «Ошэлектр» ишканасы 2020-2021-жылдын кыш мезгилине даярдык көрүү үчүн дем алышсыз, күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн «Ошэлектр» ААКу кечирим сурайт, ошону менен бирге электр энергиясы үчүн төлөмдү убагында жүргүзгөн абоненттерге ыраазычылык билдирет!

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген