22-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат

21-июлдан 23-июлга чейин тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо туруксуз аба-ырайы күтүлүүдө. Нөшөрлөп жааган жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн.

Эртең, 22-июлда өлкөнүн айрым аймактарында кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Абанын температурасы төмөнкүдөй болот:

  • Чүй облусунда түнкүсүн +17 +22, күндүз + 30 +35;
  • Талас облусунда түнкүсүн +11 +16, күндүз +28 +33;
  • Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн + 17 +22, күндүз +32 +37;
  • Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11 +16, күндүз +22 +27;
  • Нарын облусунда түнкүсүн +9 +14, күндүз +21 +26 градус;
  • Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +19 +21, күндүз +33 +35 градус ысык болот.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.