

Кыргызстанда бүгүн, 22-февралдагы иш күнү бир саатка кыска болот. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги эске салды.
Эртең – 23-февраль, Ата Мекенди коргоочулар күнү. Бул күн кызыл даталарга киргендиктен, эмгек кодексине ылайык, майрамдын алдындагы иш күнү 1 сааттка кыска болушу керек.
23-фквраль- расмий түрдө эс алуу. Кыргызстандыктар жумушка кайра шаршемби, 24-февралда чыгат.
- 22.02.2021