21 жаштагы жигит сүйгөн кызы менен урушуп кетип асынып алган

Курганда кыргызстандык курсант асынып алганы тууралуу маалымат интернетте тараган. Окуя 10-декабрда болгону, суицидге барган жигит Ысык-Көл облусунун 21 жаштагы тургуну экени жана Кургандагы институтта 4-курста окуп жүргөнү кабарланган. Анын өз жанын кыйышына сүйлөшкөн кызы менен урушуп кеткени себеп деген божомолдор айтылууда.

Тышкы иштер министрлиги кыргызстандык курсанттын өлүмү боюнча маалыматты тактоо үчүн Орусиядагы элчиликке тапшырма берди. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирген.

Ал эми Кыргызстандын тиешелүү органдары окуя тууралуу комментарий бере элек.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын окуу жайларында кыргызстандыктар да билим алышат. Алар Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы менен түзүлгөн келишимге ылайык атайын квота менен барышат.

Булак: Азаттык

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz