21 миң 826 иш каралды. Ош облустук соту 2020-жылдын жыйынтыгын чыгарды. Видео

Ош облустук сотунун 2020-жылдагы аткарган иштери боюнча жыйынтыктар 2021-жылдын 12-февраль күнү Ош облустук сотунун жыйындар залында өткөн кеңешмеде уктурулду.

Кенешмеге Жогорку соттун төрайымынын милдетин аткаруучу Нургуль Бакированын, Жогорку соттун төрайымынын орун басарлары Нургуль Асанованын, Айнаш Токбаеванын жана Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиевдин катышуусунда өтүп, жергиликтүү соттордун 2020-жылдын ишмердүүлүгүн жыйынтыгын чыгарышты.

Өткөн жылы Жазык иштер боюнча Ош облусунун жергиликтүү соттор тарабынан 1493 жазык иш, 787 жоруктар жөнүндө иштер,  6333 соттук материалдар каралып, ал эми областтык сотко апелляциялык жана кассациялык тартипте даттануу менен 267 жазык иш, 81 жоруктар жөнүндө иштер жана  268 соттук материалдар каралган.

Ал эм Жарандык жана экономикалык иштер боюнча 2020-жылы жергиликтүү соттор тарабынан 11 979 жарандык иш жана 1053 соттук материалдар каралып, ал эми облустук сотко апелляциялык тартипте даттануу менен 633  иш  каралган.

2020-жылы 1212 административдик жана экономикалык иштер, 104 соттук материалдар, 301 экономикалык иштер жана 31 экономикалык соттук материалдар каралып, ал эми апелляциялык инстанцияда 422 иш каралган.

2020-жылдын  эң төмөн көрсөткүч берген Чоң-Алай районунун соту болду. Аталган райондук сотунун төрагасы Абдрахманов Рахманали төмөн көрсөткүчтү ал райондо жалгыз иштегендиги менен түшүндүрдү.

Ал эми 2020-жылдын Эн мыкты  жогорку көрсөткүчтү Кара-Кулжа райондук соту берген. Аталган райондун сатунун төрагасынын милдетин Нурпаис Бекташов аткарат.

Ош облустук сотунун төрагасы Алмазбек Абдылдаев кеңешмени жыйынтыктап жатып, Ош облустук сотунун жана жергиликтүү соттор тарабынан 2020-жыл ичинде баардыгы болуп 21 826 иш каралып, анын ичинен 1671 иш 2-инстанцияда даттанылганын билдирди.

Даярдагандар: Барчын Орозмаматова

Азамат Кубатбек уулу.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.