21-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызгидрометтен билдиришкендей, эртең, 21-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы төмөнкүдөй:

  • Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +22…+27.
  • Талас жергесинде түнкүсүн +8…+13, күндүз +21…+26.
  • Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн +12…+17, күндүз +26…+31.
  • Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +18…+23.
  • Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +16…+21.
  • Алыскы тоолуу аймактарда түнкүсүн -2…-7, күндүз +1…+6 градус болот.
  • Бишкекте түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөйт, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +25…+27 градус болот.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.