21-майдан тарта Ош шаарында спорттук аянттар ачылат

Ош шаарында 25-майдан тартып фитнес-клубдар, тренажердук залдар жана ачык футбол ойноочу аянтчалардын иштөөсүнө уруксат берилет. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Анда белгилүү болгондой, уруксат берилген залдарда санитардык-гигиеналык эрежелер милдеттүү түрдө сакталышы шарт.

“Адамдардын контакт болуусу көбүрөөк болгон залдарга азырынча уруксат жок. Анын ичинде бокс, күрөш залдары, футбол, баскетбол ойноочу жабык залдарга уруксат берилбейт”,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 21-майдан баштап ишмердүүлүктүн айрым түрлөрүнө уруксат берилген. Анын ичинде калкты тейлөө, соода борборлору, мейманканалар, менчик репетиторлордун кызматтары, менчик мончолор, мал базарлар жана унаа базарлар ишин жанданткан.

Ал эми 25-майдан тарта да бир канча ишмердүүлүктөр ишин жандантат.

21-май: Калкты тейлөө борборлорунун кызматкерлери дем алышсыз иштеп, 9 миңге жакын жаранды тейлешти

 

 

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген