21-май: Калкты тейлөө борборлорунун кызматкерлери дем алышсыз иштеп, 9 миңге жакын жаранды тейлешти

Өлкө боюнча Калкты тейлөө борборлорунун биринчи жумуш күнүндө 9 миңге жакын жарандар кабыл алынды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев билдирди.

Төрага билдиргендей, кечээ, 21-май күнү каттоо кызматында эмгектенген кызматкерлер түшкү тамактанууга танапис жок иштешти.

“Саат 14:00гө келген жарандардын санын кескин кыскартууга жетиштик. Кайрылган жарандардын көпчүлүгү Бишкек шаарында байкалды. Электрондук кезек статистикасына ылайык, ар бир ири КТБ 1000-2000ге жакын адамды кабыл алды. Кайрылган жарандардын 75% чет өлкөлүк жарандарды каттоо, кызмат алуу боюнча болду», – деп белгиледи Мамбеталиев.

Ошондой эле, кечээ КРнын Өкмөтүнүн 2004-жана 2006-жылдын 1-январдан 30-декабрга чейинки мөөнөтү өтүп кеткен үлгүсүндөгү паспорттордун мөөнөтүн узартуу жөнүндө токтому чыгып, чет өлкөдө жүргөн жарандар үчүн артыкчылык чаралар каралган.

Республиканын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандар иштеп жаткан өзгөчө абалдын тартиби алынгандан кийин каттоону 10 жумушчу күндүн ичинде узарта алышат.

“Бүгүнкү күндө республика боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын бардык ведомстволук бөлүмдөрү – 20 ири калкты тейлөө борбору, «Унаа» мамлекеттик мекемесинин бардык бөлүмдөрү кадимки тартипте белгиленген график боюнча иштеп жатат» – деп кошумчалады МККнын төрагасы Акын Мамбеталиев.

Коомдук ишмер: Коммерциялык эмес уюмдардын мамлекетке каршы иш жүргүзгөндөрү да бар

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген