21:00гө чейин каттамга чыкпагандар менен келишим бузулат. Ошто кичи автобустарга рейд жүрдү

Кечээ, 9-декабрда Ош шаарында кичи автобустардын кечки саат 19:00дөн кийинки каттоосун көзөмөлгө алуу үчүн рейд жүрдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Вице-мэр Сонунбек Жунусбаев жана тийиштүү тармактардын жетекчилери коомдук транспорттор токтоочу аялдамаларга барып, кичи автобустардын каттамын текшерүүгө алды. Анда интервалда белгиленген убакыт сакталып жатканына байкоо салынды.

Бул рейд бир ай бою улантылат. Анда кечкисин да линияга чыгуу талабына макул болгон ЖЧКларга көзөмөл жүрөт. Кечки 21:00гө чейин айдоочуларды камсыз кыла албаган ЖЧК менен түзүлгөн келишим бузулат.

Эскерте салсак, 1-декабрдан баштап кичи автобустарга болгон тариф көтөрүлгөн. Бирок шаардыктар кечкисин кичи автобустар каттамда жок болуп жаткандыгын айтып, нааразычылыктарын билдиришкен.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.