2026-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук программасы кабыл алынды

Президент Садыр Жапаров «2026-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда Кыргыз Республикасынын Конституциясы кабыл алынгандыгына жана өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаал өзгөргөндүгүнө байланыштуу, конституциянын 66 жана 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылынат:

Министрлер кабинети:

— 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыксын жана кабыл алсын;

2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында көрсөтүлгөн инвестициялык долбоорлорду актуалдаштырсын;

— ушул Жарлыктан келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, сот бийлигинин органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өздөрүнүн стратегиялык документтерин (концепцияларды, стратегияларды, программаларды) жана иш-чаралардын пландарын 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасына ылайык келтирүү сунушталсын.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.