2024-жылга чейин өлкөнүн бардык айылдары таза суу менен камсыз болот

Өлкө аймагындагы бардык айылдар 2024-жылга чейин таза суу менен камсыз болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Таза суу менен камсыздоо департаментинин директору Аскарбек Токтошев билдирди.

Маалыматка ылайык, быйыл 44 айылга таза суу жеткирилет. Аскарбек Токтошевдин айтымында, быйыл Ислам өнүктүрүү банкы Баткен жана Талас облустарынын айылдарын таза суу менен камсыз кылуу максатында 20 млн доллар көлөмүндө жеӊилдетилген насыя берүүгө даяр. Насыя 30 жылдык мөөнөткө 1 пайыз үстөгү менен берилмекчи.

Долбоор ишке ашып калса, эки облустун 146 миӊ адам жашаган 135 айылы таза суу менен камсыз болот. Ал үчүн кыргыз тарап дагы 10 млн доллар өлчөмүндө каражат кошуусу шарт. Бул долбоор ратификациядан өткөндөн кийин иш дароо башталып, аны аткаруу мөөнөтү 4-5 жыл болот.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда таза суусу жок 654 айыл бар.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген