2022-жылы өтүүчү дүйнөлүк чемпионатка 1-стадион курулуп бүттү

Катарда 2022-жылы өтүүчү дүйнөлүк чемпионатка 1-стадион курулуп бүттү. Кечээ, 16-майда, Аль-Вакра шаарында, ушул эле шаардын атына коюлган 40 миң адамдык футбол талаасы ишке берилди. 

Стадиондун салтанатуу ачылыш аземине Катар эмири Тамим бен Хамад Аль Тани да катышты. Ошондой эле ачылыш аземи аяктаары менен эмир кубогунун финалдык беттеши өтүп, анда жергиликтүү эки команда “Аль-Садд” менен “Духейль” беттешти.

“Аль-Вакра” стадиону ирандык архитектор Захи Хадидге таандык. Анын чатыры ачылып жабылат жана стадионго муздатуучу тетиктерда орнотулган. Стадионду жайы-кышы иштетүүгө болот.

Белгилей кетсек, 2022-жыл өтүүчү дүйнө биринчилигине карата, Катарда дагы ушундай 7 стадион курулат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген