2022-жылы хоккей боюнча дүйнө чемпионаты Кыргызстанда өтөт

2022-жылы хоккей боюнча дүйнө чемпионаты Кыргызстанда өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда маалымдалгандай, министр Азамат Жаманкулов Эл аралык хоккей федерациясынын вице- президенти Айваза Оморканов жана Кыргызстандын хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов менен жолукту.

Жолугушуу учурунда, Айваза Оморканов 2022- жылы март айында Кыргызстандын  тарыхында алгачкы жолу  дүйнө чемпионаты өтө тургандыгын маалымдады. Мындан сырткары, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө, дүйнөлүк чемпионат учурунда Эл аралык хоккей федерациясынын кеңешинин үчүнчү отурумун Кыргызстанда өтө тургандыгын кошумчалап, ага белгилүү француз хоккести Люк Тардиф сындуу хоккей оюнчулары келээрин билдирди.

Өз кезегинде министр Азамат Жаманкулов Кыргызстанда өтө турган чемпионаттын масштабдуулугун жана Кыргызстандын мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен, аны жогорку деңгээлде уюштуруп өткөрүү боюнча иштерди колго ала тургандыгын белгиледи.

Мындан сырткары, Кыргызстанда хоккейди өнүктүрүү боюнча эл аралык хоккей федерациясы менен иш алып барууга кызыктар экендигин маалымдап, спорт коомчулугунун долбоорлорунун ар тараптан колдой тургандыгын белгиледи.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.