2020-жылы Кыргызстанда былтыркыга салыштырмалуу 65%га көп үй-бүлөлүк зомбулук катталды

Коомдогу аялдарга болгон зомбулук учурдун актуалдуу бойдон калууда. Биз бул маселенин чечүү жолдорун издөөнү токтотпошубуз керек. Мындай пикирин Бириккен улуттар уюмунун(БУУ) Башкы директору Антониу Гутерриш 25-ноябрда Аялдарга болгон зордук-зомбулукту жоюунун эл аралык күнүнө карата сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

25-ноябрь- Дүйнөдө Үй-бүлөлүк зомбулукту жоюунун эл аралык күнү. Ага ылайык, БУУ тарбынан онлайн иш-чара уюштурулду.

Уюмдун башчысынын маалыматында пандемия учурунда дүйнөнүн бардык жеринде үй-бүлөлүк зомбулук өскөндүгу айтылды. Ал оору каптап турган учурда аялдардын баарынын үйдө болгондугунан улам күчөдү. Мындай болоорун алдын ала билген Гутерриш мамлекет башчыларын өз өлкөсүндөгү бактысыздыктардын алдын алууга чакырган эле.

Анын чакырыгына бир катар лидерлер олуттуу карашкан. Алардын бири- Грузия президенти Саломе Зурабишвили.

Грузиядагы зордук-зомбулукка каршы күрөшүү чаралары:

Өлкө башчысы Саломе Зурабишвили карантин учурунда зордук-зомбулуктун курмандыгы болгондорго жардам берүүчү бардык кызматтар тынымсыз иштегендигин айтты.

«Кризистик борборлор, баш калкалоочу жайлар жана ыкчам байланыш телефондору үзгүлтүксүз иштеди. Атайын каналдардан зомбулукка кабылуу коркунучунда турган аялдарга жана балдарга кайрылуулар жасалып, жардамга чакыруудан коркпош керектиги айтылып турду. 2020-жылдын сентябрь айында жакындарына кордук көрсөткөндөрдү көзөмөлдөп туруучу электрондук байкоо системасын ишке киргиздик. Биз бул менен сыймыктанабыз»,-деди Саломе Зурабишвили.

БУУнун виртуалдык иш-чарасына катышкан америкалык актриса Николь Кидман бардык аялдар жана балдар зомбулукка кабылбаган күндө да кимге, каерге кайрылуу керектигин билүүнү сунуштады.

«Бул көйгөй тууралуу мүмкүн болушунча көп маалымат алып, аны жакындар, тааныштар менен бөлүшүүбүз зарыл. Ошондо бирөөнүн коркунучта турганын көргөн кезде кимге, каерге кайрылууну билебиз.

Өз каалооңуз менен сиз дагы ушул көйгөйдү чечүүгө убактыңызды арнап, колуңузда болсо каражат бөлсөңүз да болот»,-деди актриса.

Николь Кидман 2006-жылдан бери БУУ менен иштешип келет.

БУУнун Башкы директорунун орун басары Марк Локок гендердик зомбулук менен күрөшүүгө 25 миллион доллар бөлүнө тургандыгын билдирди. Каражат өзгөчө кырдаалдарда колдонулуп, андан тышкары аялдар менен иштешкен уюмдарды жана курмандыкка кабылган кыз-келиндерди колдоого жумшалат.

Бүткүл дүйнөлүк акция:

Жыл сайын Аялдарга болгон зордук-зомбулукту жоюунун эл аралык күнүнө карата БУУ «16 күндүк активдүү аракет» аталышындагы акция уюштуруп келет. Анда белгилүү имараттарга жана эстеликтерге күлгүн сары түс менен белги коюлат. Бул түс- аталган иш-чаранын атайын түсү болуп саналат.

Мындан тышкары радиолордо жана телеканалдарда аялдарга карат зордук-зомбулук менен күрөшүү темасынын алкагында талкуулар уюштурулат.

Кыргызстанда да 25-ноябрда гендердик зомбулукка каршы өнөктүк башталды. Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы 16 күндүк кампаниянын алкагында, 25-ноябрда кыргыз эстрада ырчыларынын онлайн концерти өттү. Концерт БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, “Супер-Инфо” гезити жана SUPER.KG порталы менен бирге уюштурду. Иш-чараны Швейцариянын өкмөтү колдоого алган.

25-ноябрда үй-бүлөлүк зомбулук боюнча Бишкекте өткөн жыйында акыркы жарым жыл ичинде милицияда 2019 зомбулук катталган. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 65% көп.

Быйыл жайында 11 жарандык уюмга COVID-19 пандемиясынын учурунда гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен адамдарды коргоо жана колдоо үчүн USAID гранттык каражат бөлгөн.

Бул каражаттар жапа чеккендер үчүн баш паанектерди кеңейтүүгө, аларга психологиялык жана укуктук колдоо көрсөтүүгө багытталган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.