2020-жылы өлкөдө 2019-жылга салыштырмалуу 9%га аз наристе төрөлүп, 6 миң 684 учурга көп өлүм катталды

Өткөн жылдын 12 айында Кыргызстанда 158 миң 174 ымыркайдын туулганды катталды. Ал эми 2019 – жылы республика боюнча 173 миң 601 наристелердин туулгандыгы катталган. 2020-жылкы көрсөткүч 2019-жылга салыштырмалуу 15 миң 427 каттоого аз.

2020 – жылы республикада – 40 миң өлүм фактысы катталса, 2019 – жылы 33 миң 317 адам каза болгондугу катталган.

2020-жылы 2019-жылга караганда 6 миң 684 каттоого көп.

Маалымат үчүн: «Жарандык абалдын актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, баланын туулгандыгы тууралу арыз бала төрөлгөн күндөн бир айдан кечиктирилбестен берилүүгө тийиш.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.