2019-жылы Ош шаарынын бюджети быйылкыдан 250 миллионго көп болот. Видео

2019-жылы Ош шаарынын бюджети 1 миллиард 200 миллион сом болушу мүмкүн. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов билдирди.

Калаа башчынын бүгүн Ош шаарын 2018-2020-жылдарда туруктуу өнүктүрүү программасында  билдиргенине караганда,  2019-жылы түштүк борбордун бюджети бир жарым миллионго чамалайт.

Бул шаар аймагында көмүскөдө жаткан салык төлөөчүлөрдү, үй шартында иштеп жаткан комерциялык багыттагы ишканаларды мыйзамдаштыруу боюнча жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында салыктан түшкөн каражат менен көбөйтүлүүдө.

2018-жылга жергиликтүү бюджеттинин көлөмү бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарын кошпогондо 860,0 млн.сомго шаардык кеңеш тарабынан бекитилип,

Белгилей кетсек, 2018-жылга жергиликтүү бюджеттинин көлөмү бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарын кошпогондо 860,0 млн.сомго шаардык кеңеш тарабынан бекитилген. Ал эми 2016-жылы 1 миллиард сомдон ашкан. 2017-жылы дээрлик 200 млн сомго аз бекитилип, коомчулукта күмөн жарала баштаган.  Анан да экинчи борбор калаанын бюджети миллиардга жетпегени реалдуу эмес деген сындар айтылып келет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген