2018-жылы Жалал-Абадда курулуштар жанданат

Бул жылы Жалал-Абад шаарына курулуштар көп түшөт. Калаа бюджетинин 41%ы ушул тармакка жумшала турган болду. Жылдагыдан үч эсе көп бөлүнгөн акчага былтыр токтогон курулуштар да бүткөрүлөт.

2018-жылга карата Жалал-Абад шаарынын бюджети 410 млн сом деп бекитилди. Бул сумма өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик 100 миллион сомго көп. Анын 155 млн сому  курулуш тармагына жумшалат.

Жылдагыдан 100 млн сомго жогору болгону былтыр казынанын кеч бекитилгени түрткү. Тагыраагы, 82 млн сом өткөн жылдагы курулушка жумшалбай калып кеткен казынанын акчасы эле.

Шаарда жол тыгынын азайтууга багытталган курулуштар ишке ашмакчы. Алсак, Чехов жана  Пушкин көчөлөрү кеңейтилет. Анан да Айтматов жана Ленин көчөлөрүнүн кесилишине жер астынан өтмөк курулат. Бул иштердин баары жаз келиши менен башталаары менен жанданат.

Коюлган план боюнча, социалдык мекемелердин курулуштары да ишке ашат. Ага кошо эле мектептердин ички ремонту үчүн да каржы каралган.

Калаа башчысы белгилегендей, эми жеке ишкерлер,сырттан келген инвесторлордун жардамында шаарда көп кабаттуу үйлөрдү куруу жагы да каралууда. Эгерде алар ишке ашып калса, жүздогон адамдар турак жай менен камсыз болот.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.