2018-жылы мигранттарды эмне күтөт?

2018-жылдан Орусияда иштеген чет элдик жарандар үчүн бир катар мыйзам жана эрежелер күчүнө кирет.  “Ынтымактын”  эскертет: РФте жүрүү эрежелерин бузган учурда мигранттарды бул өлкөдөн узак мөөнөткө чыгарып салышы мүмкүн. А эрежелер менен мыйзамдарды билбегендик жоопкерчиликтен куткарбайт.

Патентсиз кадам баса албайсың

2018-жылдын январь айынан Орусиянын дээрлик бардык аймагында жумуш патенттеринин баасы көтөрүлөт. Мигранттар эң көп жүргөн аймактарда да (Москвада 4200-4500 рубль, Москва облусунда 4000-4300 рубль, Санкт-Петербургда 3000-3500 рубль), чет элдик жумушчулар жокко эсе аймактарда да.

Ямало-Ненецкий автономдук округунда иштеп жаткандар же эми жумушка жайгашканы жаткандар эң көп акча төлөшү керек болот – айына 8354 рублдан.

Патенттин минималдык баасы – 2023 рубль – Кабардино-Балкар республикасы, Марий Эл Республикасы, Саха Республикасы (Якутия), Чечняда, Иванов, Саратов облустары жана Чукотск округдарында.

Патенттердин 2018-жылга наркы тууралуу кененирээк шилтемеден карасаңыз болот. “Азия плюс” Россия Федерациясынын бардык шаар, облус, республика жана крайларында белгилегенген бааларды көрсөткөн.

Убактылуу жашоого уруксат квотасы кыскарды

2017-жылдын ноябрында Орусия жарандыгы жок чет элдиктерге убактылуу жашоого квотаны кыскартты. Быйыл убактылуу жашоого уруксатты 90 миң адамга бергени жатышат, бул өткөн жылга караганда 20 миңге аз.

“Мейкин Азия онлайн” өнөктөшү ар бир региондо өзүнүн квотасы болорун белгилейт.

Мисалы, Москва облусунда убактылуу жашоого 5000 уруксат берсе, Белгород облусунда – 2700, Москвада – 2000, Карелия Республикасында – 350, Санкт-Петербургда – 1500, Ленинград облусунда – 400, Калининград облусунда – 1500. Башка аймактагы квоталар менен таанышуу үчүн шилтемени басыңыз.

Орусияда убактылуу жашоого уруксатты кантип алса болору тууралуу бул жактан окуңуз.

Бир сутка ичинде каттоого туруу

Быйыл  Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатка байланыштуу оюн өтчү шаарларда орусиялыктар үчүн да, чет элдиктер үчүн каттоого туруунун өзгөчө режими киргизилди. Тиешелүү буйрукка РФ президенти Владимир Путин өткөн жылдын майында кол койгон.


Мисалы, Москвада, Санкт—Петербургда, Волгоградда, Екатеринбургда, Казанда, Калининградда, Нижний Новгороддо, Ростов-на-Донуда, Самарада, Саренскте жана Сочиде чет элдиктер келгенден баштап бир сутка (24 саат) ичинде  миграциялык каттоого турууга милдеттүү.

Бул эрежелер 2018-жылдын 25-майынан 25-июлуна чейин иштейт, ага чейин каттоо кадимки режмде жүргүзүлө берет.


Кадимки режимде РФте каттоосуз жүрүү мөөнөтү жети иш күн деп белгиленген; Тажикстандын жарандары үчүн 15 күн, Европа экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн жарандары үчүн 30 күн.

Мындан сырткары Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатка даярдык маалында Орусияда коопсуздук чаралары күчөтүлөт: эмгек мигранттары иштеген жерлерде рейддер жүргүзүлүшү мүмкүн. Укук коргоо органдары каалаган адамды токтотуп, документ сурашы ыктымал.

Москва, Санкт-Петербург сыяктуу мегаполистерде 24 саат ичинде кантип каттоого турса болору тууралуу “Бир суткада миграциялык катоого турабыз. Юристтердин мигранттарга кеңештери” деген материалда айтылат.

Жаңы медициналык полис алуу шарт

Бардык качкындар жана чет элдик жарандардын милдеттүү медициналык камсыздандыруу полистери 2018-жылдын 1-январынан күчүн жоготту. Орусиянын жарандыгы жоктор кайрадан полис алышы керек. 2017-жылдан күчүнө кирген эрежелерге ылайык, документтин жарамдуу мөөнөтү чектелүү болуп калды.

Чет элдиктер полисти кайсы айда алганына карабай, аны 2017-жылдын 31-декабрына чейин гана пайдалана алышты. Эми полисти ар жыл сайын кайрадан алуу керек болот. 2018-жыл үчүн медполисти 20-ноябрдан эле бере башташкан.

Сүрөттүн автору: Миграция боюнча эл аралык уюму уюштурган “Мигранттар – Борбор Азиянын көрүнбөс күчү” сынагынын жеңүүчүсү;  тажикстандык фотожурналист Дидор Садуллоев

 Мигранттардын иштешине тыюу салынган же чектөө киргизилген тармактар

Орусия өкмөтү жыл сайын мигрантарды кабыл алуу нормаларын иштеп чыгат. 2018-жылы мындай квоталарды киргизишти.

Мисалы, жашылча өстүрүү тармагында чет элдик жумушчулардын үлүшү жалданган жалпы кызматкерлердин 50%нан ашпашы керек.

Бул талап Ставропольск, Хабаровск крайлары, Астрахань, Волгоград, Воронеж, Липецк, Москва, Ростов, Саратов облустарына тиешелүү эмес. Мындай өзгөчөлүк бул аймактарда түшүм жыйноого убактылуу жумушчуларды тартуу муктаждыгына байланыштуу.

Тамеки продукцияларын жана алкоголдук ичимдиктерди саткан атайын дүкөндөрдө 2018-жылдагы квота боюнча чет элдик кызматкерлердин үлүшү 15%дан, жүргүнчү жана жүк ташуу тармагында 28%дан ашпашы керек.

Аймактар өздөрү чечет

Мындан сырткары Орусиянын ар бир аймагы эмгек мигранттарын кайсы бир тармакка кабыл алууну өз алдынча чектей алат (Медведев 2015-жылдын декабрында кол койгон федералдык токтомго ылайык).

Сахалин. 2018-жылдын башынан тарта Сахалин облусунда айрым тармактарда чет элдик жарандардын ишке орношуусуна  чектөө киргизишти. Губернатор Олег Кожемяконун пикиринде, чет элдиктер социалдык маанидеги объектилердин – мектеп, ооруканалардын коопсуздугун камсыздаган коргоо агенттиктерине тартылбашы керек. Мигранттарга автотоктотуу жайларына иштөөгө да тыюу салуу сунушталды.

Якутия. Саха Республикасынын (Якутия) башчысынын сайтында маалымдалгандай, 2018-жылы чет элдик жарандарды курулуш, кен казуу, транспорт, билим берүү, айыл чарбасы жана саламаттыкты сактоо тармагына тартууга тыюу салган жаңы буйруктун долбоору даярдалды. Якутияда 16 579 мигрант жумуш кылары айтылат. Алардын басымдуусун – 25,5%ын  Тажикстандын жарандары түзөт, Кыргызстан – 19,9%, Өзбекстан – 17,6% жана Армения – 12,4%.

Новосибирск. 2018-жылы Орусиянын бул аймагында мигранттарды жумушка алууга тыюу салынган тармактардын саны 33төн 39га жетти. Чет элдиктер эмгек патенттери менен тамак-аш даярдаган киосктордо, соода чатырларында иштей алышпайт. Аларга ошондой эле унаа же көчмө күркөлөрдө фастфуд сатууга, каникул маалында балдар лагерлеринде орун берүүгө тыюу салынды.

Орусиянын ИИМ Башкы башкармалыгынын миграция маселелери боюнча Новосибирск облусу боюнча башкармалыгы билдиргендей, 2017-жылдын 10 айында чет элдик жарандарга 28,9 миң патент берилген, алардын 60%дан ашыгы Өзбекстандын жарандарына, 32% – Тажикстан жана 5% – Азербайжан.

Кузбасс. Кемерова облусунун башчысы 2017-жылы чет элдик жарандарга бардык билим берүү мекемелеринде, балдар тамагын жана диеталык азыктарды өндүрүүгө, такси, коомдук транспорт жана жумушчуларды табуу менен алектенген фирмаларда патент менен иштөөгө тыюу салган.

Бурятия. Бул аймакта мигранттарды жумушка алууда чектөөлөр киргизилген жок, бирок патент алуу эрежелери иштелип чыкты. 2018-жылдын 1-январынан тарта патент алуучунун кесиби, адистиги, кызматы жана ишмердүүлүк түрү көрсөтүлүшү шарт. Бул Орусияга визасыз келген чет элдик жарандарга тиешелүү. Ушундай жол менен Бурятия бийлиги чет элдик жарандардын ишмердүүлүгүн мониторинг кылып, керек учурда аларды ишке кабыл алуу чектөө киргизүү аркылуу чара көрмөкчү.

Төмөндө Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат өтө турган Орусиянын шаарларындагы миграциялык кызматтын аймактык бөлүмдөрү менен байланышуу жолдору:

Москва: борбордун административдик округдарындагы миграция маселелри боюнча бөлүмдөрү

Санкт-Петербург жана Ленинград облустары: миграция маселелери боюнча бөлүмдөрү

Волгоград: миграция боюнча башкармалыгы

Екатеринбург: миграция маселелери боюнча аймактык бөлүмдөрү

Казань: Орусиянын Ички иштер министрлигинин миграция маселелери боюнча бөлүмү

Калининград: миграция маселелери боюнча башкармалыгы

Нижний Новгород: Орусиянын Ички иштер министрлигинин миграция маселелери боюнча башкармалыгы

Ростов-на-Дону: Орусиянын Ички иштер министрлигинин миграция маселелери боюнча башкармалыгы

Самара: миграция маселелери боюнча башкармалыгы

Саранск: Орусиянын Ички иштер министрлигинин миграция маселелери боюнча бөлүмү

Сочи: Орусиянын Ички иштер министрлигинин миграция маселелери боюнча бөлүмү

Башкы сүрөттүн автору: Миграция боюнча эл аралык уюму уюштурган “Мигранттар – Борбор Азиянын көрүнбөс күчү” сынагынын жеңүүчүсү;  өзбекстандык сүрөтчү-дизайнер Диана Миндубаева

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген