2018-жылы казынага салык өткөн жылдагыдан 13 пайызга көп түштү

Жалпы республикалык бюджетке 103 736,9 млн сом салыктык киреше түшкөн, бул 2017-жылдын көрсөткүчтөрүнөн 13,4 %га, же 12,3 млрд сомго  көп. Мындай маалымат өкмөттүн жыйынында айтылды.

Жалпысынан 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДП өсүүсү 3,5% түздү. Ал эми республикалык бюджет 633,9 млн сом дефицит менен аткарылды. Салыктык эмес түшүүлөр 22 552,0 млн сом суммасында эсептелди. Мындан тышкары 2018-жылга карата мамлекеттик инвестициялар Программасынын каражаттары боюнча бюджетти аткаруу болжолдуу түрдө 14 889,0 млн сомду түздү  бул бекитилген пландан 4,7 млрд сомго аз.

Мухаммедкалый Абылгазиев Финансы министрлигинин жетекчилигинен ай сайын кирешелерди жана чыгашаларды кассалык пландаштыруунун сапатын жакшыртуу боюнча чараларды өз учурунда кабыл алууну жана 2019-жылга республикалык бюджеттин пландык көрсөткүчтөрүн аткарылышын камсыздоону тапшырды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген