200гө жакын баш кийими болгон. Наполеон тууралуу 10 факты

Дүйнөдө акыл- эси жасаган иштери менен таң калтырган белгилүү инсандар көп. Алар башкалардан ойлогон оюу менен да өзгөчөлөнүп турат.

Ошолордун бири, мүнөтүнө  2000 сөз окуй алган Наполеон жөнүндө кызыктуу фактыларды келтиребиз.

1. Наполеон Бонапарттын жазуу чеберчилиги болгон эмес, бирок роман жазууга жетишкен.

2. Күрмөнүн жеңиндеги топчулардын пайда болушу да ага байланыштуу. Бул француз армиясынын жоокерлери жеңдин кыры менен мурдун сүртүүгө көнбөө үчүн жасалган.

3. Наполеон айлурофобия менен ооруган. Айлурофобия –мышыктардан коркуу.

4. Наполеондун уйкусунун узактыгы болжол менен 3-4 саат болгон.

5. Коньяк жана торт Наполеондун атынан коюлган.

6. Ал математиканы мыкты өздөштүрүп, алтургай бир катар эмгектерин жарыялаган, ошондой эле математикалык маселелердин бири анын ысымы менен аталган.

7. Наполеон ар кандай баш кийимдерди жактырган жана 200гө жакын баш кийими болгон.

8. Наполеон мүнөтүнө болжол менен 2 миң сөз окуган .

9. Бонапарт билимдүү адам болгон, театрга көп барган .Бирок спектакль учурунда кол чапкан эмес.

10. Бонапарттын аялы Жозефина күйөөсүнөн алты жаш улуу болчу.

 

Даярдаган: Айдана Осмонова.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.