20 миңге бааланган ымыркай реабилитациялык борборго өткөрүлдү

Сатыла кете жаздаган ымыркай Оштогу балдарды реабилитациялоо борборунда калтырылды. Энесинде баласын багууга мүмкүнчүлүгү жок экени аныкталды. Туугандары болсо ымыркайды асыроодон баш тартышты. Ал ортодо 11 күндүк небересин 20 миң сомго сатууга шектелген таенесине кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.

20 миң сомго бааланган наристени Өзгөн районунун Кызыл-Дыйкан айылынын 20 жаштагы тургунуну төрөгөн. Жаш эне  кызын кантип кайтарып алуунун аракетин ойлоп жүрөт. Наристесин Ошко алып барып келебиз деп апасы менен бейтааныш кыз кошулуп алып кеткен бойдон кайтарып алып келген эмес.

Он бир күндүк ымыркайды таенеси 20 миң сомго баалап, кардарына өткөрүп берүү учурунда кармалган. Бул тууралуу алдын ала оперативдик маалымат милицияга келип түшкөн. Анын негизинде кылмышка шектүулөрдү Ош шаарындагы кафелердин биринде колго түшүрүшкөн. Азыркы учурда шектүү катары жаш наристенин таенеси кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Жазы айыл өкмөтүнөн бул окуя боюнча кабары жок экенин билдиришти. Бирок бул үй-бүлө социалдык жактан аз камсыз болгондуктан,  жергиликтүү бийликтин каттоосунда болуп, ар кандай жардамдарды алып келген. Жаш эненин өздүгүн тактоочу документтери жок болгондуктан, анын паспорт алуусуна жардам берилмекчи.

Ымыркайдан туугандары баш тарткандан кийин Ош шаардык балдарды реабилитациялоо борбору кабыл алды. Алгач медициналык текшерүүдөн өтүп, азыркы учурда медицина кызматкерлеринин кароосунда турат. Наристе 11 күндүк экени аныкталып, дарыгерлер тарабынан ысым берилди.

Ымыркайжын энеси кызын кайта алууга аракет кылаарын айтат. Бирок жаңы төрөлгөн чүрпөнүн мыйзамдуу атасы менен апасынын документтери болушу керектигин адистер айтышкан. Өз баласын сатууга аракет кылган факты ушуну менен Ош облусунда экинчи жолу катталууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген