20-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызгидрометтин синоптиктеринин түзгөн божомолдоолор боюнча эртен, 20-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда, Чүй облусунун тоолорунда жаан жаайт.

Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолордо кар жаайт. Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын нөшөрлөп жайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

Абанын температурасы төмөнкүдөй:

  • Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30;
  • Талас жергесинде түнкүсүн +8…+13, күндүз +24…+29;
  • Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн +12…+17, күндүз +28…+33;
  • Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +16…+21;
  • Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +17…+22;
  • Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -4…+1, күндүз +4…+9 градус болот.
  • Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +26…+28 градус болот.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.