20-июнь: Илдет 3 адамдын өмүрүн алды

Өткөн сутка ичинде 3 бейтап коронавирустан көз жумду.

Каза болгон бейтаптар:

1. 59 жаштагы аял, Ош шаарынын жашоочусу. Ал 15-июнда Ош облустук клиникалык ооруканасында болгон. Бардык көрүлгөн чараларга карабастан, кечээ күнү каза болгон.

2. 61 жаштагы эркек киши, Кара-Суу районунун жашоочусу. 17-июнда анын дене табы көтөрүлүп, жөтөл жана дем алуунун кыйындашы болгон. Буга чейин ал курч инфаркт жана гипертониялык оору менен каттоодо турган. Анын өлүмү курч дем алуу оорусунан келип чыккан.

3. 62 жаштагы эркек киши, Ысык-Көл облусунун Түп районунун жашоочусу. Ал 15-июндан тартып инфекциялык бөлүмдө дарыланып, абалынын начарлашынан улам кислороддук аппаратка кошулган. Диагнозу: оң жак тараптуу пневмания, курч мүнөздө турган жүрөктүн иштеши. .

Жалпы каза болгондордун саны 35 кишини түздү.

Айыккандардын саны 2000ге чукулдады

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген