20-апрелде Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору сынагынын ачылуу аземи болот

20-апрель күнү “Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” эл аралык сынагынын расмий ачылуу аземи болот. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, расмий ачылыш  Ахматбек Сүйүмбаев  атындагы стадиондо  болуп, концерттик программа тартууланат.

Иш чарага коңшү өлкөлөрдүн өнөр адамдарынын келүүсү күтүлүүдө.

Түрк тилдүү мамлекеттердин курама бий топтору, Казакстандын эл артисти Роза Рымбаева, Якутиялык этно-ырчы Юлияна Кривошапкина, Азербайжан, Түркия жана Түркмөнстандын мамлекеттик бий ансамблдери, Казакстандын “Казына”, “Жорга”, “Шолпан” бий ансамбилдери, Өзбекстандын “Тумор” бий ансамбли.

Ал эми жергиликтүүлөрдөн Кенже Көбөкова, Жоламан Үсөн уулу, КР эмгек сиңирген артисти Элнура Самарбекова, Гүлзада Рыскулова, Гүлнур Сатылганова, Гүлжигит Калыков, Кайрат Примбердиев, Нурайым Азыкбаева, Назбек Кенченбаев, Айпери Кулбаева, Ырыскелди Осмонкулов, Асылбек Озубеков, Нурлан Насип, Сайкал Садыбаказова, Темир Назаров жана башка талант ээлери катышып, өз өнөрлөрүн тартуулашат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген