2 жыл мурун дайынсыз жоголгон жаран табылды

Эки жылдык издөө иштеринин натыйжасында Баткен районунун тургуну табылды, деп билдирди облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Маалымат боюнча, 41 жаштагы адам 2020-жылы 10-октябрда үйүнөн чыгып кетип, ошол бойдон дайынсыз жоголгон. Бул факт бирдиктүү реестрге катталып, ал издөөгө алынган.

Ошентип, 26-майда Баткен облусунун Ички иштер башкармалыгынын жазык милициясынын кызматкерлери дайынсыз болуп жаткан Анарбай Сапаралиевич Базарбаевди Ош облусунун Ноокат районунан табышып, туугандарына өткөрүп беришкен.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.