2-сентябрга карата аба-ырайы тууралуу маалымат

Эртең, 2-сентябрда түнкүсүн жана күндүзү Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кыска мөөнөттү жаан жаап, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Абанын температурасы төмөнкүдөй:

  • Чүй облусунда түнкүсүн +14 +19, күндүз +28 +33;
  • Талас жергесинде түнкүсүн +9 +14, күндүз +27 +32;
  • Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн +15 +20, күндүз +30 +35;
  • Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7 +12, күндүз +20 +25;
  • Нарын облусунда түнкүсүн +3 +8, күндүз +20 +25;
  • Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +17 +19, күндүз +30 +32 градус болот.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.