2-июлда өлкөгө Бангладештен 103 жаран келди, бүгүн Орусиядан 186 мекендеш келет

Кечээ, 2-июлда “Манас” эл аралык аэропортуна «Aviatraffic Company» авиакомпаниясынын Бишкек-Дакка-Бишкек багыты боюнча чартердик каттам конду. Анда Кыргызстанга Бангладештен 103 мекендеш кайтып келди.

«Манас» эл аралык аэропортунан маалымдалгандай, бүгүн, 3-июль күнү Новосибирск-Бишкек каттамы менен «Авиатраффик Компани» авиакомпаниясынын чартердик рейси Орусиядан 186 Кыргыз жарандарынын келиши күтүлүүдө.

Аталган шаардан 19 кош бойлуу аял, 10 жаш бала, 57 студент жана мүмкүнчүлүгү чектелгендер жана башка жарандар келет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.