1992-1999-жылдары тажик-ооган чек арасын кайтарган кыргыз тынчтык күчтөрүнө жеңилдиктерди берүү пландалууда

7 -августта “Согуштун, куралдуу күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Аталган мыйзам долбоорунун демилгечиси Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Негиздөө күбөлүгүнө ылайык, мыйзам долбоору 1992-1999 -жылдары тажик -афган чек арасында КРнын мамлекеттик кызыкчылыктарын коргоо боюнча интернационалдык милдетин аткарышкан куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрүнүн жеке курамы үчүн, интернационалист жоокерлер үчүн белгиленген жеңилдиктерди жөнгө салуу максатында иштелип чыккан.

1992-жылдан 1999-жылга чейин мамлекеттер аралык келишимдерге ылайык, Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү тажик-афган секторунда КМШнын тышкы чек арасын коргоо боюнча тапшырмаларды аткарышкан.

Бүгүнкү күндө өлкөдө 1992-1999-жылдары тажик-ооган чек арасын кайтарган 1900 тынчтык күчтөрү бар.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.